Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagram

Москвада наристеге бачабаздык кылууга аракеттенген мигрантты кармап алышкан (видео)

  • 125 жолу кароо

 КРнын РФдагы элчилиги кармалган эркек кайсы мамлекеттин жараны экенин аныктап жатат

Москва облусунун Мытищи шаарында жергиликтүү жашоочулар наристеге бачабаздык кылууга аракет кылган мигрантты кармап алышкан. Видео «НТВ» каналында көрсөтүлгөн.

Видеонун алдында:

«Мытищинин тургундары жаш балага бачабаздык кылууга ниеттенген орто азиялык адамды кармап алышкан. Таш баранга алышкан эмес - полиция кызматкерлерин чакырышкан», - деп жазылган.

Видеонун автору көзүн жерден албай отурган мигранттан бетин көрсөтүүсүн талап кылат.

Көптөгөн кыргызстандыктар аталган видеону Facebook социалдык тармагы аркылуу бөлүшүшкөн.
«Биздин жаран болбосо экен», - деп кыргызстандыктар кооптонушууда.

Vesti.kg КРнын РФдагы элчилиге бул боюнча кайрылып, алар Кыргызстандын жараны тарабынан зордукталган жаш кыз тууралуу маалымат түшпөгөнүн билдиришти. Элчилик маалыматты тактайбыз деп убадалашты.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Ой-пикир кошуңуз


Наверх