Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаш жигиттердин мыкаачылык менен сабалышы. Шектүү - Чүй облусунун ИИББнын кызматкеринин бир тууганы

Милиция издөө алынган эркектерди кармоо максатында блокпостторду койду

Бишкек шаарындагы «Ярмарка» супермаркетинин жанынан мыкаачылык менен жаш жигиттерди ур-токмокко алууга шектелип жаткандардын бири Чүй облусунун ИИББнын кызматкеринин бир тууганы. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоо түзүмдөрүндөгү өз булактар маалымдады:

-Шектүүлөрдүн бири Чүй облусунун ИИББнын Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкери Казыбек Бапышовдун бир тууганы.

Ал ортодо ички иштер министри Кашкар Жунушалиев милиция кызматкери менен шектүүнүн ортосунгдагы туугандык байланышты ЖКнын комитетинин жыйынында ырастап, кылдат иликтөө жүргүзүүгө убадасын берди.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Ленин РИИБна 28-августта Д.М аттуу айым кайрылып, ошол күнү болжол менен таңкы 07:00дө Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Ярмарка» супермаркетинин жанынан күйөөсүн мыкаачылык менен сабап, изин жашырып кеткен жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн. В Алган жаракатынан улам 1998-жылы туулган М.А. аттуу жаран кома абалына түшүп, Улуттук госпиталга жаткырылган.
Аталган факт Ленин райондук ИИБнын Кылмыш жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталып КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (ден-соолукка оор зыян келтирүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Милиция тарабынан шектүү делип, 1985-жылы туулган Бапышов Жаныбек Сейитбекович 1985 года рождения жана 1999-жылкы Сейитбеков Калысбек Сейитбекович аныкталган.

Эскерте кетсек, жаш жигиттердин аёосуз сабалган видеосу коомчулуктун үрөйүн учурган. Мушташка катышкандардын бири эс-учун жоготкон эркек адамдын башына секирген.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх