Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте эркек адам автоинспекторго кол көтөрдү

Жол тартибинин сакчылары салык төлөбөгөндөрдү аныктоо рейддеринде каршылыктарга дуушар болбой коюшпайт

Бишкекте жаалданган айдоочу МСК менен ЖККББнын унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча бирдиктүү рейдинде автоинспекторго кол салган.

 

Эркек киши катуу сөгүнүп, автоунааны жакында эле алып, өзүнө каттаткандыгын айткан. ЖККББнын кызматкери ошондой эле айдоочу текшерүү учурунда колунан өзүнүн документтерин жулуп алганын дагы билдирди.

- Мен салыкты каттоонун алдында эле төлөгөм, -деген жинденген айдоочу.

МСКнын инспекторлору андан эсеп-дүмүрчөгүн сурашкан, ал айдоочунун жанында эмес болуп чыккан. Салык кызматкерлери жаранга эсеп-дүмүрчөктү же болбосо салык кызматында берилген чаптама белгилинин болушу керектигин түшүндүрүүгө аракет кылышкан.

Жыйынтыкта айдоочуга унаа салыгын төлөбөгөндүгү үчүн 1 миң сом өлчөмүндө айыппул жазылып берилди.

 

Гулиза Чудубаева

Фото и видео Vesti.kg



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх