Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте аёосуз сабалган балдар: шектүүлөрдүн биринин милицияда иштеген бир тууганы жумуштан алынды

Үрөйдү учурган окуядан кийин Ленин РИИБнын эки кызматкери жумуштан алынып, дагы экөөнө катуу сөгүш жарыяланды

Милиция Жал микрорайонунда мыкаачылык менен сабалган эркек адамдар боюнча ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталган. Иш ИИМнин башчысынын жеке көзөмөлүндө.
Ал ортодо ИИМнин Ички тергөө кызматы тарабынан аталган факт жана милиция кызматкерлеринин аракеттери боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.Тергөөчү милдеттерин одоно бузгандыгы аныкталган.

Ички кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында № 2 шаардык милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү А.К., аталган бөлүмдүн башчысы Б.А. кызматтарынан бошотулган. Ички иштер бөлүмүнүн Дисциплинардык талаптарын бузганы үчүн № 2 шаардык милиция бөлүмүнүн нөөмөт инспектору менен нөөмөт бөлүмүнүн жетекчисинин жардамчысына катуу сөгүш жарыяланды.
Шектүүлөрдүн биринин бир тууганы, Чүй ОИИББдин ыкчам аракеттеги кызматкери Б.Книн аракеттери боюнча ички иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмышты жаабуга аракет кылган жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп бааланды.

Жеке кызыкчылыктарын чечүү максатында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кылмышты жабууга аракет кылганы үчүн милициянын майору Б.К. ички иштер түзүмдөрүндөгү кызматынан бошотулуп, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 320 («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 348 («Кылмышты жабуу») беренелери боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.


ИИМнин басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх