Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек ЖЭБинде авария. Эки электрослесарлар 1- жана 2- даражадагы күйүк алышты 

«Электрэнергиясын иштеп чыгуу үчүн эч кандай чектөөлөр киргизилген эмес жана киргизилбейт»

Эки киши жабыркаган авария, бүгүн Бишкек ЖЭБинде болуп өттү. Бул тууралу «Электр станциялары» ААКунун маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева кабарлаган.

Турбиналардын бирин убактылуу өчүрүүдөн улам, эки электрослесарлар күйүк жаракатын алышты.  

«Медиктер алардын абалын канаатандырарлык деп баалашууда, жабырлангандар компаниянын катуу көзөмөлүндө болушууда, ошол эле учурда аларга керектүү жардам көрсөтүлүүдө, - деп белгиледи ал. -  Турбина учурда ишке киргизилди, электр энергиясын иштеп чыгарууда эч кандай чектөөлөр киргизилген жок жана киргизилбейт дагы».

БТжОИИИнин базасындагы Республикалык күйу борборунун жетекчиси Кандөөлөткан Сарбанованын маалыматы боюнча ЖЭБдин кызматкерлеринин абалы туруктуу. алардын беттери менен колдорунун 1- жана 2- даражадагы күйүктөрү бар, бирок, күйүк тереңдеп кеткен эмес. 

Маалымат катчынын айтымында, болгон окуянын себептерин атайын түзүлгөн комиссия иликтеп чыгат. 

Ольга Федорчук

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх