Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте аеосуз катуу сабашкандыгы үчүн кармалгандарды өмүр бою эркинен ажыратуу коркунучу күтөт 

Милиционерлер өз каалоолору менен келишкен эмес деп билдиришүүдө 

Жал кичи районунда аеосуз катуу сабашкандыктары үчүн кармалгандар көрсөтмө берүүдөн баш тартышууда. Бул тууралу брифинг учурунда Бишкек шаардык ИИББнын башчысы Канат Жумагазиев билдирди.

Анын айтымында, кармалгандар көрсөтмө бергенден баш тарткандыктарына байланыштуу, кай жерде жашынгандыктары тууралу билгенге мүмкүн болгон эмес.

- Мага таңкы саат төрттө телефон чалышып, шектүүлөрдүн өздөрү ИИББна келишкендиктери тууралу кабарлашты. Биз алардын улуу агасы менен бир канча жолу шектүүлөрдүн кайда жашынгандыктарын билүү үчүн аңгемелешүү жүргүздүк. Бардык бир туугандары менен досторун текшердик. Ошондон кийин гана, алар өздөрү келишти. Бирок, күнөөлөрүн мойнуна алуу менен келишкендиктери тууралу жазып берүүдөн баш тартышууда, - деди ал. 

Андан тышкары, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтуусуна караганда, алардын туугандары милиция тарабынан күч колдонуу менен кармаша тургандыктарынан коркушкан жана өздөрү Бишкек шаардык ИИББна келишкен. 

- Туугандары шектүүлөрдү милицияга өздөрү барышы үчүн аларды үгүттөшкөн. Алар Кыргызстандан чыгып кетүүнү чечишкен, бирок ал ойлору ишке ашпай калган. Ошондой эле туугандары атайын кызматтын жардамы менен күч колдонушат деп коркушкан, - дешти милициядан.

Азыркы учурда «өлтүрүүгө аракет жасашкан» деген берене боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. Алар өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. 

Гулиза Чудубаева

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх