Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдо аткаминер пара катары машина алган, бирок сөз берген кызматты жасаган эмес 

Ишти иликтөө менен «Финпол» алектенүүдө 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (каржы полициясы) Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык архитектура башкармалыгынын жетекчисине карата «Б.М.» аттуу жаран арыз менен кайрылган, анда ал жетекчинин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, арыздануучудан пара катары жер тилкесин бөлүп беремин деп «ВАЗ» маркасындагы машинаны алып, сөзүн да аткарган эмес, мурда пара катары алган машинаны да кайтарып берген эмес. 

Аталган факт КББРине КР ККнин 325-беренесинин 1-бөлүгү (пара алуу) боюнча катталган. 

2019-жылдын 4-сентябрында атайын-тергөө аракеттери жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык архитектура башкармалыгынын жекече турак-жай курулуш бөлүмүнүн жетекчисинин пара катары автомашина алгандыгы тастыкталды.   

Көрсөтүлгөн авто атайын автомашиналарды токтотуучу жайга киргизилген. 

Урматтуу жарандар, КР Өкмөтүнүн алдындагы ЭКККМК, эгерде сиз талап -тоноонун, мыйзамсыз кыстап бир нерслелерди өндүрүүнүн жана кызмат абалындагы жана башка адамдар тарабынан негизсиз текшерүүлөрдүн курмандыгы болуп калсаңыздар, анда Каржы полициясына төмөндөгү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Бишкек шаары, Манас проспекти, 101/1, жана оозеки кайрылуулар үчүн Нөөмөт бөлүмүнүн телефондору (0312) 323 091, 323 707. 

Пресс-служба ГСБЭП 

фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх