Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалда аёосуз сабалган жигит азырынча, өзүнө толук келе элек 

Супермаркеттин жанындагы мушташуудан жабыркаган экинчи жигит операцияга даярданып жатат 

Жалда аёосуз сабалган жигиттер мурдагыдай эле ооруканада жатышат. Бул тууралу Vesti.kg сайтына КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматы боюнча, комадан чыккан М.А. толугу менен өзүнө келе элек. 

- Саламаттыгы туруктуу оор абалда, - деп маалымат беришти ал жактан. - Жабыркаган жигит мурдагыдай эле Улуттук госпиталдын нейрожарактаттар бөлүмүндө дарыланууда, акыл-эсине келе элек.  

Жабыркаган экинчи жигит операцияга дарярдалууда. 

- «Үстүңкү жаагы сынган» деген диагноз менен түшкөн Б.У. аттуу жарандын ден-соолук абалы туруктуу, - деп кошумчалашты КР ССМнен. - Дарылоо өз жолуна түштү, операция жасоо каралууда. 

Эске салсак, мушташуу Бишкекте 28-август күнү эртең мененки саат 07:00дө болуп өткөн. 

Шектүүлөр бир канча күн өткөндөн кийин милицияга өздөрү келишкен. Учурда алар №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх