Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө военком 1000 долларга жасалма аскер билетин «саткан»

Аскер комиссары кармалып, гарнизондук гаупвахтага камалды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматына (каржы полициясы) арыз менен «О.Э.» аттуу жаран арыз менен Тоң районунун аскер комиссары «М.З.» андан аскер билетин алууга 1 миң доллар пара алганы боюнча кайрылган. Бирок, ага берилген аскер билети жасалма, эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес экени аныкталган. Арыз берүүчүнүн айтымында аскер комиссары ал тарабынан берилген аскер билети кайра алып, акча каражатын дагы кайтарып бербей койгон.

Аталган факт Бузуулардын бирдиктүү реестринде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси боюнча катталган.

Сотко чейинки иликтөө иштеринин алкагында атайын ыкчам-тергөө иштери өткөрүлүп, «М.З.» аттуу жаран пара алып жаткан маалда чындыгында эле  Тоң районуун аскер комиссары болгондугу, кийин Баткен облусунун Кадамжай районуна аскер комиссары болуп которулуп кеткени аныкталган.

Үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрында ЭКККМКнын кызматчылары КРнын Аскердик прокуратурасы жана арыз берүүчү менен бирдикте Кадамжай районуна барып, буга чейин алынган параны кайтарып берүүнүн жүрүшүндө (буга чейин акча которуу кызматы аркылуу 20 миң сом алынган) Баткен облусунун Кадамжай районунун аскер комиссары М.З.» кармалып, ал өз күнөөсүн мойнуна алган. Шектүүнүн иш бөлмөсүн тинтүү учурунда өтө чоң суммадагы акча каражаттары табылган.

 Шектүү гарнизондук гауптвахтага камалды.

 

 

ЭКККМКнын басма сөз кызматы

 фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх