Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бирөөнү оноо сабашкан. Жалал-Абадда түнкү клубдун жанынан сабалган жигит өлүм алдында жатат

Жабырлануучу Казакстандан досунун үйлөнүү тоюна келгени айтылууда

Жалал-Абад шаарында 10 эркек адам үч жигитке кол салып, бирөөсүн өзгөчө мыкаачылык менен сабап салышкан. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына сабалган Мунарбек Бекишевдин тууганы Ирсалат Курмашева билдирди.
Анын айтымында окуя үстүбүздөгү жылдын 9-сентябрында «Дина» түнкү клубунун жанында орун алган.

- Мунарбек менин агамдын жалгыз уулу, ал болгону 26 жашта, - деди Курмашева. - Ал күнү кечинде Мунарбек достору менен жаңы ачылган түнкү клубга барып келүүнө чечишет. Эки досу машинеде отурган, иним клубдун ичин байкап келейин деген экен, кире бериштен эле ага бейтааныш балдар кол салат. Мунарбектин досторунун айтымында клубдан 10дой киши чуркап чыгып, аларды ур-токмокко алышат. Алар бул райондо «чоочун» болгондуктан сабашкан көрүнөт.
Азыркы учурда Мунарбек кайра жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат.

- Анын кан басымы 30га түшүп, аппаратка уланды, эмне болот билбейбиз, доктурлар бизди бизди кууп башташты., - деди ал. -Анын бети-башынан тамтык жок, мурду сынган.
Жабырлануучунун туугандары сабаган балдардын арасында Жалал-Абад облусундагы айылдардын биринин айыл өкмөтүнүн башчысынын уулу бар дешүдө
- Бүгүн кечинде төрт киши кармалды, айыл өкмөтүнүн баласы жоопкерчиликтен кутулуп кетти, - дейт Ирсалат Курмашева.

Сабалган Мунарбек Бекишев ата-энеси менен Нур-Султан шаарында жашап келген. Жалал-Абадга досунун үйлөнүү тоюна келген.

- 10-сентябрда кайра кетмек,такси менен да сүйлөшүп койгон элек, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Жалал-Абад облусунун басма сөз кызматынан азырынча коммментарий алууга мүмкүн болгон жок.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх