Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чек арада жабыркаган 10 киши Бишкекке аскердик самолет менен жөнөтүлдү

Жабыркагандарга борбор калаанын ооруканаларында керектүү жардам көрсөтүлөт

Бүгүн, 17-сентябрда КРнын Аба күчтөрүнүн аскердик учагы чек арада жабыркаган 10 киши менен Бишкекке учту.

Жаракат алгандарга борбор калаанын ооруканаларында керектүү медициналык жардам көрсөтүлөт.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик аймагында 2019-жылдын 16-сентябрында орун алган ок атышуунун кесепетинен 13 киши ар кандай деңгээлдеги жаракат алып, алардын 10 Бишкекке дарыланууга жөнөтүлдү.


КРнын ЧКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх