Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКККББнын башчысынын орун басары Иманалы Саркулов: Мас жигит мага тууган эмес

«Бир телефон чалуу менен» жумуштан айдап жиберем деп автоинспекторду коркуткан кыргызстандыкка 17 500 сом айыппул салынды

Мас абалында унаа башкарып жүргөн жаш жигит ИИМнин ЖКККББнын башчысынын орун басары Иманалы Саркуловдун тууганымын деп, жоопкерчиликтен кутулуп кетейин деген. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Иманалы Кадырбаевич өзү айтып берди.

Анын айтымында ал, чуулгандуу видеодогу адамды тааныбайт.

- Видеону мен кечээ көрдүм, - деди Саркулов. - Андагы жаш жигит дал ошол маалда биздин мекемеде болчу. Бул адам мага тууган эмес, мен аны тааныбайм дагы. Биз аны менен кезикти, ал менден кечирим сурады. Ал ушинтип айыппулдан качып кетем деп ойлогонун айтты.

Саркулов тартип бузуучуга каршы протокол түзүлүп, 17 500 өлчөмүндөгү айыппул салынганын кошумчалады.

- Автоунаа штрафстоянкага токтотулду. Балким, Мамлекеттик каттоо кызматына айдоочулук күбөлүктү алуу туурасында билдирүү жиберилет, - деди ал.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда айдоочу ЖКККББнын башчысынын орун басары Иманалы Саркуловго телефон чалып, жумуштан кетиртип жиберем деп автоинспекторду коркутуп жаткан видео жарыяланган эле.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх