Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчы Колбаев сурак берген иш тууралуу милиция маалымат берди

Ишкер аны кыргыздын «мыйзамдагы уурусунун» атын айтып, коркутушканын билдирди

Чүй ИИББсы «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев Жайыл районунун ИИБне күбө катары суракка чакырылган иш боюнча маалымат берди.

Башкы прокуратурага үстүбүздөгү жылдын 2-июнунда И.З. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда 2007-жылы ал Жайыл районунда жайгашкан заводдордун бирине ири өлчөмдөгү акча каражатын салып, 45% менен анын толук кандуу уюштуруучусу аталган.
2018-жылдын апрель айында арыз берүүчү жогоруда айтылган заводдун кош-уюштуруучулары анын макулдугусуз,ошондой эле уюштуручучулардын жалпы чогулушун өткөрбөй туруп, Бишкектеги банктардын биринен кредит алышканын аныктаган. Аталган факт Бузуулардын бирдиктүү реестринде 204-берене (алдамчылык) боюнча катталган. Сотко чейинки бардык иш-чараларды өткөрүү Жайыл районунун ИИБнө жүктөлгөн.

Арыз берүүчү уюштуруучулардын бири аны КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган адамдын атын айтып коркутканын билдирген. Буга байланыштуу, тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын негизинде бардык жагдайларды иликтөө максатында күбө катары 1974-жылы туулган А.К. (Камчы Асанбеков (Кольбаев), - .ред.) чакырган.

Арызда көрсөтүлгөн уюштуучулар жана А.К. жаранын ортосунда бетме-бет коюу өткөрүлгөн. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары катоодо турган эркек адамдар өз кезегинде арыз берүүчүнүн дарегине коркутуу кылышканын четке кагышты.

Учурда сотко чейинки иликтөө иштери уланууда.

Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх