Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Рыспек Акматбаевдин атасы: Уулумдун өлүмүнө Мурат Суталиновдун тиешеси бар (видео)

 «Уулумдун башына кап кийгизип алып келип, автоматтан атып салышкан деп угуп атам»

Киши колдуу болуп каза болгон криминалдык авторитет Рыспек Акматбаевдин атасы Абдымалик Акматбаев УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов уулунун өлүмүнө тиешеси бар болушу мүмкүндүгүн билдирди.

«Чагылгын» маалыматтык агенттигине берген маегинде ал Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө да Кыргызстандын Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы менен экс-президент Курманбек Бакиевдин иниси - Жаныш Бакиевдин аралашкан болушу мүмкүн деген.

- Менин билишимче, Баяман менен Рыспек жакшы мамиледе болушкан, - дейт Абдымалик Акматбаев. - Ал биздикине келип, мени ата дечү. Уулум мага аны «Оштун уулу» деп тааныштырган. Акыркы жолу 2005-жылы келген. Рыспек экөө короодо көпкө сүйлөшүп отурушкан. Ал Баяманга: «Сен Ошту тартипке келтир, мен бул жакты көзөмөлдөйм. Биз кичинекей өлкөбүздүн ыдырашына жол бербешибиз керек» деген эле. Ал жоголгондо менин баламды күнөөлөшүп, ар кандай ушактар чыккан. Бирок, менин угушумча Жаныш Бакиев Эркинбаевден 150 миңби же 50 миңби АКШ долларын карыз алган экен. Кийин бере албай койгондо, аны өлтүрүп салышкан.

Мындан сырткары, ал айыккыс ооруга чалдыккан УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду бошотулганына азыркы бийликти сынга алды.

- Менин оюмча, Мурат Суталиновду Батукаевдей «оорусу» үчүн бошотушту, - деди ал. Өкмөтте бет жок. Алар элдин канын төккөндөрдү аяп жатышат. Канчалаган балдар жетим калды… Рыспектерди өзлтүргөндөрдүн арасында Мурат дагы бар. Уулумдун башына кап кийгизип алып келип, анан автомат менен атып салышкан деп азыр угуп атам.


Мындан сырткары, ал «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев менен туугандык катышы жөнүндө да сөз кылды.


- Биз жакын тууганбыз, муну жашырбайм, - деп белгиледи Абдымалик Акматбаев. - Ал мени апасынын 70 жылдыгына чакырган. Бирок, өзү жаныма келип учурашкан жок, мен деле аны издеген жокмун.


Сөзүнүн жыйынтыгында ал Рыспек Акматбаев айкөл, пейили кенен адам болгонун кошумчалады.


- Ал бардыгына жардам бергенге аракет кылчу эле, - деди маркум кримавторитеттин атасы.


Зулайка Эркимбаева
Булак
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх