Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарындагы түнкү клубдардын биринде кыздар «Айфон» үчүн мушташып кетишти

Милиция бул факт боюнча текшерүү баштады

Ош шаарында «Айфон» телефонун уурдады деп шекшип, жаш кызды сабашкан. Маалымдалгандай, окуя «Туман» түнкү клубунун жанында орун алган.

Жаңжалда бир нече кыз катышкан. Уруш учурунда кыздардын биринин кийимдерин айрып салышкан. Башка кыз «Бул айфон Х» уурдап алды деп кыйкырып жатканын угууга болгот.

Окуянын күбөлөрү кыздарды арачалаганга аракет кылышканын көрүүгө болот.

Vesti.kg сайтына Ош шаарынын ИИБ маалымдагандай, аталган окуя боюнча «102» кызматына чалуу түшкөн эмес.


- Учурда түштүк борбор калаанын жетекчилигин тапшырмасы менен аталган видео боюнча текшерүү башталды, - деп маалымдашты милицияда.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх