Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чек арадагы атышуу. Жабыркагандардын бири комада

Жети адамга бүгүн операция жасалып, денесиндеги октор алынды

Бүгүнкү күндө Бишкек Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган 10 бейтап дарыланууда.

Бүгүн, 19-сентябрда толук текшерүүлөрдөн соң жабыркаган 10 адамга пландык операция жүргүзүлдү.

Операциялар ийгиликтүү үтүп, денелериндеги октор алынып салынды. Бардык бейтаптар туруктуу абалда, дарыгерлердин көзөмөлүндө.


Мындан сырткары, Лейлек аймактык ооруканасында 3 киши дарыланууда. Алардын экөө туруктуу оор абалда.

1992-жылы туулган К.К. аттуу жаран кома абалында, жасалма дем алдыруу аппаратында. Кечээ жана бүгүн Улуттук бейтапкананын адистери менен онлайн-консультация өткөрүлдү. Бейтапты дарылоо схемасы туураланды.


Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх