Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көз айнеги ыргып, бети канжалап. Бишкекте такси айдоочусу чет элдик кардарына кол көтөрдүбү? (фото)

«Намба Такси» кызматынын администрациясы ички териштирүү жүргүзүүдө

Бишкектеги «Намба Такси» кызматынын айдоочусу өзүнүн кардарын бир нече жолу чаап жиберген. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу «Кара тизме» группасына калтырган билдирүүсү аркылуу билдирген.

 «Кечээ кечинде акылга сыйбас окуянын күбөсү болдум: 7мкрдо жайгашкан Мега Сити магазинин жанында #намба таксинин унаасы токтоп турган. Анын айдоочусу күтүүсүз жерден кардарын күч менен бир чаап, кардары жанындагы унаага жыгылып, бир нече секундага эсин жоготуп жиберди, көз айнеги бир жакка, рюкзагы башка жакка ыргып, бетинин баары канжалап кетти. Кардар чет өлкөлүк экен (кытай же корей улутунда), ал эч нерсе түшүндүрө албай жатты, тиги болсо телефон аркылуу бирөө менен сүйлөшүп, кардарды акча төлөбөй жатат деп кыйкырып жатты (50 сомбу же 100 сомбу жетпей жаткан экен), бирок кардардын колунда акча бар болчу. Болгону жетпей жаткан окшойт да, 100 сом үчүн кишини ур-токмокко алуу туура эмес да!», - деп жазган ал.

Тексттин авторунун айтымында, айдоочунун жанында турган аял жетпей жаткан сумманы төлөп берүүгө макул болгон.

«Тилекке жараша, ал жерде бир аял турган - ал айдоочуга 200 сом бергенде гана, тиги басылды, берки бала болсо араң бутунда турган, бети башынын баары кан болчу. Намба фирмасынын жетекчилиги чара көрөт деп ишенем»,- деп жазылган публикацияда.

Vesti.kg сайты «Намба Такси» компаниясына бул боюнча кайрылып, алар бул боюнча сөзсүз кызматтык текшерүү жүргүзүп, кийин толук маалымат бере алышаарын айтышты.


Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх