Кардарын сабады делген такси айдоочусу «Намбадан» айдалды
Жабырлануучу унааны көчөдөн токтоткондугуна байланыштуу «Намбанын» администрациясы аны таба албай койгон
Жол акысын төлөөгө акчасы жетпей калган чет өлкөлүк кардарын сабады делген «Намба Таксинин» айдоочусу иштен алынды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына тейлөө сапатын көзөмөлдөө бөлүмүндө маалымдашты.
- Бул айдоочу биздин автопарктан унаа ижарага алып иштечү, - деп такташты компанияда. - Ал күрөөнү кечиктиргенине байланышуу иштен алынган. Айдоочулар унаа ижарага алганда, күрөө калтырууга тийиш.
«Намба таксинин» кызматкери Иринанын айтымында, алар, жабыркаган кардарды таба алышкан эмес, анткени ал, унааны көчөдөн токтоткон.
- Тилекке каршы, биз окуянын чоо-жайын билүү үчүн ал кардар менен байланыша алган жокпуз, ал заказ аркылуу эмес, унааны көчөдөн эле токтоткон, - деп тактады ал. -Биздин айдоочу эмне болгонун айтуудан баш тартып койду.
Эске салсак, фейсбуктагы «Кара тизме» группасында «Намба таксинин» айдоочусу чет элдик кардарын жол акысын толук төлөй албай калгандыгы үчүн бир нече жолу чаап жирбергени тууралуу бул окуянын күбөсү жазып чыккан.
Эльдос Казыбеков
Фото www