Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

АКШнын Тынчтык корпусунун ыктыярчылары Жалал-Абадда бир килограмм баңгизат менен кармалышты

 Алар марихуананы такси менен ташып бараткан жеринен кармалган. Ишке Кыргызстандагы АКШнын элчилиги киришти

АКШнын Тынчтык корпусунун Кыргызстандагы эки ыктыярчысы бир килограмм марихуана менен кармалышты. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ИИБ билдирди.

19-сентябрда милиция Бишкек-Ош жолунда Honda Odyssey автоунаасын токтоткон. Жүргүнчүлөр болуп АКШнын көз карандысыз федералдык «Тынчтык корпусу» агенттигинин ыктыярчылары, Америка Кошмо Штаттарынын жарандары - Йии Дэниел Джеймс жана Павел Девяткин болуп чыккан.
ИИБнын кызматкерлерине эркектер шектүү көрүнүп, алар унааны карап чыгууну чечишкен. Кароо учурунда арткы орундукта отурган жүргүнчүлөрдүн жанынан 1 килограмм 26 грамм көлөмүндөгө «марихуанага окшош, жашыл зат» табылган.

«Ички иштер органдары өткөргөн ыкчам-тергөө иш-чараларынан кийин жогоруда айтылган зат соттук-химиялык экспертизага жиберилген, - деп маалымдашты милицияда. Баштыкта чындыгында эле марихуана баңгизаты болгону аныкталган».

Йии Дэниел Джеймс берген көрсөтмөсүндө күнөөнү өз моюнуна алып, баңгизат ага тиешелүү экенин айткан. Тартип сакчылары Павел Девяткинди бошотуп, ал эми Йии Дэниел Джеймс Токтогул райондук сотунун чечими менен Жалал-Абаддын СИЗОсуна 2 айга камакка алынган.

Окуядан кийин америкалык ыктыярчынын ишинде укуктук маселелерди чечүү үчүн АКШ элчилиги байланышкан.

Белгиленгендей, 2017-жылдын август айынан бери кармалган ыктыярчы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы №56-орто мектепте балдарга англист тилин окутуп, ыктыярчылык ишмердүүлүгүн аркалап келген.

Тынчтык корпусу Кыргызстандан 1993-жылдан бери иштеп келет. Бул убакыт аралыгында өлкөгө англис тили мугалими болуп иштеп кеткен ыктыярчылардын саны миңге жакын. Учурда өлкөнүн ар кыл облустарында уюмдун 70ке жакын ыктыярчысы эмгектенүүдө.

Ольга Федорчук
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх