Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдөгү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлдү(фото)

Милиция криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнөн куралдарды табышты

ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары катталган жарандардын Ысык-Көл облусунун аймагында криминалдык таасирлерин алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунун ИИБнын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмү тарабынан бир катар издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Алынган ыкчам маалыматтардын негизинде мыйзамдуу тинтүүлөр жасалган.


Алардын жүрүшүндө 48 жаштагы Жети-Өгүз айылынын ИИМде уюшкан кылмыштуу топттун активдүү мүчөсү катары катталган, мурда соттолгон Т.Ж. аттуу тургунунун үйүндө 16-калибрдеги сайсыз мылтык (стволу кыркылган) табылып, тартылып алынган.
Аталган факт Жети-Өгүз районунун ББРде катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Тийиштүү экспертизалар дайындалган.


Мындан сырткары, 39 жаштагы Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары катталган, мурда соттолгон О.Н. аттуу жашоочусунун үйүнөн 16-калибрдеги сайсыз мылтык (стволу кыркылган) 10 огу менен, ошондой эле 9-миллиметрдеги 25 ок жана 1 бычак табылган.


Ошондой эле, Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын 61 жаштагы И.В. аттуу жашоочусунун кашарын тинтүүдө кустардык жол менен жасалган ок атуучу курал табылган.

Ысык-Көл облусунун ИИМнин басма сөз кызматы
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх