Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ороктогу ок атышуу. Жабыркаган эки адамдын абалы канааттандырарлык

Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарегеринин маалыматты боюнча жабыркагандарга бытыра менен ок тийген

Орок айылындагы ок атышууда жабыркаган эки адам Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына башкы дарыгер Алмаз Кубатбеков билдирди.

- Түн ичинде бизге эки адам келип түштү - деди- Аларга бытыра менен көкүрөгүнө, колуна жана тизе тушуна ок тийген.

Дарыгердин айтымында, жабыркагандардын абалы салыштырмалуу канаатандырарлык.

Буга чейин ЖМК өздүк булактарына таянып, Орок айылында 29нан 30на караган түнү ок атышуу болуп, эки кишинин жабыркаганын жазышкан. Урушта ондогон кишилердин катышканы белгиленген.

Ал ортодо Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына аталган окуя боюнча маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалашты.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх