Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясынын аткаминери 2 млн доллар пара алып кармалды

Муниципалитеттин бөлүм башчысы документтерди жасалмалап жана жетекчилердин жасалма колун коюп, жерлерди мыйзамсыз берген. Ал кармалып, УКМКнын СИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди

КР УКМК ККК жер мыйзамын сактоо максатында коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылууга багытталган иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаардык мэриясынын бөлүм кызматкерлери жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган факт аныкталды.


Такталгандай, Бишкек шаардык мэриясынын бөлүм башчысы А.Н. коомдук фонддордун биринин мүчөлөрүнүн ишенимине кирип, Бишкек шаарынын Биринчи-Май районунун Калыс-Ордо конушунан 7,2 га участокту жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз бөлүп берүү максатында 2 млн.сом өлчөмүндө акча каражатын алган.


Жана ошондой эле, бөлүм башчы А.Н.жеке кызыкчылыгын көздөп, өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен расмий документтерди жана Бишкек шаардык мэриясынын жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жасалма колун коюп, ошондой эле, бул жасаган иш-аракеттери мыйзамсыз экенин билип туруп, жерди бир категориядан башка категорияга которууга аракет жасаган.


Бул факт боюнча Бишкек шаардык мэриясынын бөлүм башчысы А.Н. жана КР жараны С.А. КР УКМК Тергөө камак жыйынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында башка адамдардын катышуусун аныктоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.


КРУКМК Басма-сөз борбору
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх