Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кантта окуучу кызды өтүп бара жаткан аял зордукчудан сактап калды

Эркек өспүрүм кызды подъездден зордуктоого аракет кылган. Ачылып жаткан эшиктин үнү аны чочутуп жиберген

Кант шаарында белгисиз эркек 17 жаштагы кызды зордуктоо аракетин кылган. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына жабырлануучу У.М өзү тастыктады.

Анын айтымында мурдагы күнү - 8-октябрда таңкы саат 08:55те ал Күрөнкеев көчөсүндөгү үйүнүн жанында турган. Анын жанына 30-35 жаштагы адам басып келип, телефонунан смс-билдирүү жазып берүүсүн суранган. Күтүүсүздөн ал кыздын колунан катуу кармап, подъезд жакка сүрөй баштаган.

- Мен болгон күчүм менен каршылык көрсөтүп, кыйкыра баштадым,- деди Vesti.kg сайтына У.М. -Ал мени подъездге сүйрөп кирип, эшикти жаап: «Оозуңду жап, кыйкырсаң башка жейсиң» деди. Андан кийин ал колу менен оозумду жаап, үнүмдү баспасам өлтүрүп саларын айтты. Коркконумдан мен унчукпай, каршылык көрсөтпөй калдым. Ушул маалда ал мага жабыша баштады.

Андан кийин кылмышкер эшикти бирөө ачып жатканын угуп калган. Дароо кийинип, кызды көчөгө чыгарып, кирмедеги отургучтарга өзү менен кошо отургузат.

- Биздин жаныбыздан 45 жаштардагы аял өтүп бара жаткан, - деп сөзүн улантты У.М. Мен ага: «Мага жардам бериңизчи суранам, бул киши мени зордуктаганы жатат» деп улам кайталап, кыйкырып жаттым. Бирок, аял эч көңүл бурган жок. Тигил киши менин колумду катуу кысып, үнүмдү чыгарбашымды талап кылды. Муну көргөндө гана аял андан «эмне кылып жатасың»деп сурады. Экөө сүйлөшүп баштаганда мен мектеп жакка качып жөнөдүм.

Жабырлануучу өзү окуган мектепке кирип, терезеден зордукчу окуу жайдын имаратын тегеренип, аны издеп жатканын көрөт. У.М апасына телефон чалып, болгон окуяны айтып берет, бир нече мүнөттөн кийин эжеси менен байкеси келип, зордукчуну издей башташат.

- 5-10 мүнөттөн кийин эжем менен байкем мектепке келишти, - деп эскерди ал. - Биз мектептен чыгып, автоунаага отурдук. Үйлөрдүн арасынан аны издей баштадык, 10 мүнөттөн кийин биз аны №6 үйдүн жанынан таптык. Эжем менен байкем мени унаада калтырып, эркектин аркасынан чуркап жөнөштү. Андан кийин эмне болгонун билбейм.

Бир аздан кийин милиция кызматкерлери келип, У.М арыз жазат. Эртең менен У.М милициянын райондук бөлүмүнүн кызматкерлери келип, болгон окуя тууралуу эч кимге билдирбешин суранышат.

- Алар биздин мектептин окуучулары жалган маалымат таратып жатышканын айтышты, - дейт нааразычылыгын жашырбаган У.М. - Балким ал эркектин күнөөсү жоктур деп кыйытышты. Жалган маалымат таратканыбыз үчүн жаза алышыбыз мүмкүн дешти. Ошондой эле, менин апамды сүйлөшүүгө мектепке чакырышкан. Мугалимдер менин башымдан өткөн бул окуяга өзүмдү күнөөлү кылып көрсөтүп коюшуптур.

Ал ортодо Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына бул боюнча иликтөө жүргүзүп жатышканын, кийинчерээк маалымат бере алышарын билдиришти.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх