Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ок чыгарган Бишкек ИИББнын КМКнын бөлүм жетекчиси боюнча материалдар прокуратурага өткөрүлдү

Милиционер менен уруша кетип, ок жеген эркек адамдын абалы туруктуу

Ок аткан Бишкек ИИББнын КМКнын бөлүм жетекчиси боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Ленин райондук прокуратурага өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына прокуратура органдарындагы өздүк булактар маалымдады.

Белгилүү болгондой, прокуратуранын кызматкерлеринин ишине кандайдыр-бир кысым же кийлигишүү азырынча болгон жок. Учурда көзөмөл органдары тарабынан Бишкек ИИББнын КМКнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Амангуловдун аракеттерине юридикалык баа бериле элек.

Ал ортодо Саламаттыкты сактоо министрлигинде Vesti.kg сайтына ок жеген адамдын абалы туруктуу экенин билдиришти.

Жаран 4-шаардын ооруканада, травматология бөлүмүндө дарыланууда. Ага травматикалык куралдан ок атылган.


Эске салсак, Бишкек ИИББнын КМКнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Амангулов жол талашып уруша кетип, атаандашына ок чыгарып жиберген.

Алдын ала маалымат боюнча, окуя кечээ эртең менен Түштүк магистраль менен Алымкулов көчөсүнүн кесилишинде болгон.


Медина Купсулдаева
Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх