Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиционердин колунан ок жеген жабырлануучунун ооруканадагы оокаттарын белгисиз адамдар алып кетишти

Жабырлануучу өзү палатага ошол бойдон келген жок. Өздөрүн туугандарыбыз деп тааныштырган адамдар ал азыр үйдө экенин айтышты

Белгисиз адамдар милиционердин колунан ок жеген жабырлануучунун оокаттарын 4-шаардык ооруканадан алып кетишти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтынын кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, 25 жаштагы жабырлануучуну белгисиз адамдар Toyota маркасындагы автоунаа менен алып кетишкен. Кийинчерээк ооруканага белгисиз жаш адамдар келип, анын палатадагы оокаттарын чыгарып кетишкен. Алардын бири өзүн Vesti.kg сайтына жабырлануучунун бир тууганымын деп тааныштырган.

- Аны ооруканадан чыгарышты, үйгө алып кеттик, - деген ал. -Бир тууганымдын ордуна комментарий бере албайм. Ал азыр үйдө.

Травматология бөлүмүнүн жетекчиси Убайдилла Насиров Vesti.kg сайтына дарыгерлер аны чыгарышпаганын тактап өттү.

- Ал медициналык мекемени өзү билип кетип калгандыгына байланыштуу, биз анын бейтап баянын жабабыз, - деди ал.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх