Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Казак» каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармоо учурунда ызасына чыдабай ыйлап жиберди (видео)

Кармалган адамдын буга чейин бир нече жолу соттолгону жана «Дженго» кримтөбөлүнүн оң колу экени белгилүү

Ош шаарында 38 жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, криминалдык дүйнөдө «Казак» каймана атына ээ М.У. кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына түштүк калаанын ИИМнин басма сөз кызматы билдирди.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, анын буга чейинки аты К.Э.болгон.

- Ал Ош шаарындагы «Скай-бар» түнкү клубунда 23 жаштагы жигитке кол салган деп шектелүүдө, - деп маалымдады милиция. - Окуя 9 октябрь күнү түн ичинде болгон. Кармалган адам менен жабырлануучу уруша кетип, М.У. жигитти учтуу буюм менен уруп, изин жашырып кеткен.

Учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Ош шаарындагы ооруканалардын биринде.

- Шектүү ИИБнын бөлүмүнө алынып келген жана 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген, - деп билдиришти мекемеде. - Бирок, сурак учурунда ал өзүн жаман сезип жатканын айтып, жактоочусу тез жардам унаасын чакырган. Кармалган адам конвой менен азыр ооруканада.

ИИБ, мындан сырткары «Казак» уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнөн жабыркагандар болсо 03222-2-46-78 телефондоруна байланышууга болорун кошумчалашты.

Мындан сырткары, түштүк калаанын ИИБнын басма сөз кызматы интернет айдыңында тараган видеодогу адам «Казак» экенин тастыкташты. Тасманын алдында видеодогу адам бир нече жолу соттолгонун жана «Дженго» каймана аты менен белгилүү болгон кримтөбөл Кадыр Досоновдун оң колу экени белгиленген.

Видеодон «Казактын» ыйлап жатканын көрүүгө болот, тасма милиция бөлүмүндө тартылганын белгиленүүдө.

- Жарыяланган видео боюнча текшерүү жүрүп жатат, - деп белгилешти мекемеде.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх