Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кантта автоинспекторлордон качкан «Лексустун» айдоочусуна ок тийип ооруканага түштү

ЖКККББнын маалыматына ылайык, айдоочу алардын унааны токтотуу буйругуна баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылган

Кантта ЖКККББнын кызматкерлерли айдоочуга табелдик курал колдонушту. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Мекеме 12-октябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери “Бишкек-Нарын-Торугарт” автожолунун 16-километринен 49-км чейинки тилкесинде “Дэу Нексия” патрулдук унаасы менен экинчи нөөмөттө (15:00дөн 23:00гө чейин) турушканда болгонун тактады.
Болжол менен саат 18:15те, Кант шаарынын борборунда инспекторлор 6701 1а/HU» транзиттик каттоодогу номурлуу, ак түстөгү “Лексус GX-470” автоунаасынын айдоочусу колундагы телефон менен сүйлөшүп бара жатканын байкашып, токтотууга буйрушат. Бирок, айдоочу милиция кызматкеринин буйругуна баш ийбей, аны сүзүп кетүүгө аракет кылып, андан кийин каршы тилкеге чыгып, катуу ылдамдыкта айдап кеткен.


Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, милициянын кызматкерлери дароо кызматтык автоунаасына отурушуп, үн күчөтүүчү атайын жабдыктар жана жарык берген маяк менен “Лексус GX-470” унаасын кубалап жөнөшөт. Тартип бузуучу Люксемдург айылын көздөй бара жатып, оң жакка Ваккер көчөсүнө бурулуп, андан кийин Советский көчөсү менен “Бишкек-Нарын-Торугарт” автожолуна чыгып, Ивановка айылын карай айдап жөнөгөн.


- Жүрүп бара жаткан “Лексус GX-470” унаасы авариялык кырдаалды жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрү менен ден-соолугуна реалдуу коркунуч жараткан, - деп такташты ЖКККББда. - Милициянын кызматкери бир нече ирет автоунааны ашып өтүүгө аракет кылган, бирок, айдоочу авариялык абал жаратып, инспекторго эч мүмкүндүк бербей койгон. Акыры милициянын бир кызматкери автоунааны токтотуу аракетинде машиненин арткы эки дөңгөлөккө табелдик курал менен ок чыгарышкан. Алгач асманга эскертүү огун атып, андан кийин унаанын дөңгөлөгүнө атышкан. Унаа токтоп, бирок, айдоочу сыртка чыккандан баш тартып, кийин инспекторлор менен мушташканга аракет кылган.


Болжол менен 19:20да жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери патрулдук унаа менен Ысык-Ата районунун Канттагы аймактык ооруканасына далысынын жогорку оң жак бөлүгүнө ок жеген айдоочуну жеткиришкен.


Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.


“Лексус GX-470” автоунаасы (транзиттик номур - «6701 1а/HU»(Грузия) 1991-жылы туулган М.У.Х. Аталган унаанын Кыргыз Республикасынын аймагында катталбаганы жана МККнын «Унаа» МИнын каттоосунда турбагандыгы аныкталган.


Муну менен бирге ЖКККББ Vesti.kg сайтына ок тийген айдоочунун абалы канааттандырарлык экенин билдирди. Учурда тартип бузуучуга кандай чара көрүлүшү мүмкүндүгү каралууда.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх