Бишкекте Пакистандан келген студенттер керебет талашып кетишкен. Милиция 30 кишини кармады
«Бейбаштык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды
Кечээ Бишкек шаарындагы Анкара көчөсүндө Пакистан жарандарынын - Эл аралык медициналык университетинин студенттеринин ортосунда мушташ болгон.
Биринчи курстун эки студенти тең жатаканадагы эки кабат керебеттин үстүңкү кабатын ээлегиси келип урушуп кетишип, 10го жакын киши катышкан мушташка өтүп кеткен.
«Күтүүсүздөн болуп кетти. Бирөө-бирөөнү уруп жиберген, көчөдөн чырдап башташып, ар ким өз тааныштарын чакырат. Бирок, ал жерде мушташ деле болгон эмес», - деп айтып беришти окуу жайында.
Октябрь районунун ИИБнын кызматкерлери окуя болгон жерге келип, 4-шаардык милиция бөлүмүнө окуянын териштирүү үчүн 30 кишини алып кетишкен.
«Билдирүү 15:40та түшкөн. Окуя болгон жерге Октябрь районунун ИИБнын кызматкерлери барган. Чыр дароо басылган. ГОМ-4кө окуу жайдын өкүлү жана котормочу да келген», - дешти милицияда.
Укук коргоо органдарды чет элдиктер менен түшүндүрү иштерин жүргүзүшкөн. Жабыркагандар жок. Материалдык чыгымды чырдын катышуучулары жабышат.
Октябрь районунун ИИБ Vesti.kg сайтына окуу жайдын өкүлүнүн арызы боюнча «Бейбаштык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталганын маалымдашты.
Ольга Федорчук
Фото www