Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Новопокровкада поезд жеңил автоунааны сүзүп кетти. Анын ичинде жаш бала да болгон

Жабыркаган үч адам Ысык-Ата райондук ооруканасына жеткирилди

Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жеңил автоунаа поезддин алдында калды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ИИМнин басма сөз кызматында билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, кечээ болжол менен 16:15те Новопокровка айылындагы жөнгө салынбаган кесилиште автоунаанын айдоочусу темир жолдон өтүп кетүүгө аракет кылып, поезд менен сүзүшкөн.

Унаадагы айдоочудан сырткары үч жүргүнчү жабыркаганы айтылууда. Алар Ысык-Ата райондук ооруканасына жаткырылган.

- Унаа оодарылып кеткен, - деп такташты ИИМде. - Ичинде жаш баланы кошкондо үч адам болгон. Алар Ысык-Атанын райондук ооруканасына жеткирилип, учурда амбулатордук дарылануудан өтүп жатышат. Биз окуянын чоо-жайын иликтеп жатабыз.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх