Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Дженго» кримтөбөлү Ошто кармалды (видео)

Кадыр Досонов ичинде бара жаткан автоунаа милиционерлерден качып кетүүгө аракет кылган

«Дженго» каймана аты менен белгилүү болгон кримтөбөл Кадыр Досонов бүгүн Ош шаарында кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоо органдарынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына ылайык, кармоо Ош облусунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан «Ураган» атайын операциясынын алкагында жүргүзүлгөн.

- Аймакта учурда кылмыш иштерин аныктап жана издөөгө алынган жарандарды кармоо боюнча атайын операция жүрүүдө, - деп такташты укук коргоо органдарындагылар. -Кадырбек Досонов унаанын жүргүнчүлөр үчүн орундукта отурган. Ал бир нече жол эрежелерин бузган автоунааны кызматкерлер токтоткон учурда кармалган.

Белгилүү болгондой, айдоочу номурлары жок автоунааны айдап бара жаткан жана тартип сакчыларынан качып кетүүгө аракет кылган.

Ал ортодо «Акипресс» МА кармоонун видеосун жарыялаган.

эске салсак, буга чейин «Дженгонун» оң колу деп аташкан уюшкан кылмыштуу топтун «Казак» аттуу мүчөсү кармалган.

Кармалган адам 16 жаштагы кызды зордуктаган жана 23 жаштагы жигитти ур-токмокко алган деп шектелүүдө.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх