Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagram

Молдовановкада колониядан качууга аракет кылган кылмышкерге ок атылды

  • 116 жолу кароо

Соттолгон жаранга эки ок тийип, ооруканага жаткырылды

Молдовановкадагы № 1 түзөтүү абагында 19 жылга соттолгон жаран качууга аракет кылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, окуя кечээ эртең менен болуп өткөн.

- 1988-жылы туулган С.А. аттуу 19 жылга соттолгон кылмышкер абактан качуу аракетин кылган, - деп маалымдашты мекемеде. - Күзөттө турган кызматкер ага эки жолу ок аткан. Кылмышкерге жеринде медициналык жардам көрсөтүлдү. Учурда анын абалы канаттандырарлык.

ЖАМКнын басма сөз кызматы кылмышкер жарандык ооруканага жаткырылганын кошумчалашты.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. ИК-1дин ыкчам тобу тергөө жүргүзүүдө.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Ой-пикир кошуңуз


Наверх