Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Манас эл аралык аба майданы» ААКнун Бишкектеги филиалынын камакка алынган директору тергөөгө башка фигуранттарды аныктоого жардам берди

Сөзгө келген Мирлан Бегалиев СИЗОдон үй камагына чыга алды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын «Манас эл аралык аба майданы» ААКнан 5 миллион долларды чыгарып кетүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштеринин жүрүшүндө 2019-жылдын 30-сентябрында аэропорттун Бишкектеги филиалынын директору Мирлан Бегалиев кармалып, ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө органдары аны КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-б.1-п. көрсөтүлгөн (ишенилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же сарптап жиберүү) кылмыш ишин жасаган деп шектелип, ага 2019-жылдын 2-октябрында шектенүү боюнча билдирме тапшырылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү ага коюлган күнөөнү толугу менен мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга макулдугун билдирген. Шектүү тарабынан тергөөгө аталган кылмыш ишинин башка катышуучу жана уюштуруучулары туурасында баалуу көрсөтмөлөр берилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларга байланыштуу, тергөөнүн кылмыш ишин ачуу, анын бардык жагдайларын аныктап, мамлекетке келтирилген чыгымдын ордун толтурууга бакытталган кызыкчылыктарында, тергөө кылмыш ишинин аталган фигурантынын баш коргоо чарасын үй камагына алмаштыруу боюнча өтүнүч киргизип, ал сот тарабынан канааттандырылган.

Белгилей кетсек, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө органдарынын өтүнмөсүнүн негизинде жогоруда көрсөтүлгөн иштин фигуранты «Манас эл аралык аба майданы» ААКнун Бишкектеги филиалынын директору кызмат ордунан четтетилген.

Азыркы учурда кылмыш иши иликтенип жатат. Тергөө органдары тарабынан мамлекетке келтирилген 5 млн доллар чыгымдын ордун толтуруу боюнча, ошондой эле иштин жагдайларын аныктоо жана иштин бардык фигуранттарын жоопкерчиликке тартуу үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх