Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону Мирбек Сүйүнбаев коңшуларын ур-токмокко албаганын айтууда

Белгилүү спортчу жаңжалдын өз версиясын айтып берди

Кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону Мирбек Сүйүнбаев өзү тууралуу буга чейин айтылган «балдар аянтчасын курууга кол кабыл кылууга макул болбой койгон коңшуларын ур-токмокко алды» деген маалыматты четке какты. Vesti.kg сайтына берген маегинде спортчу ЖМКда жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт экенин айтып, ишендирди.

Сүйүнбаев аянтчаны өз күчү жана эрки менен гана салып жатканын баса белгиледи.

- Мен спортчумун да, эч кимди сабаган эмесмин, - деп тактады ал. - Мен бирөөнү чапсам, бул жакшылык менен аяктамак эмес, анткени, мен профессионалдык кикбоксчумун. Мага карата айтылган бул сөздүн бардыгы - ушак. Бир гана болгон нерсе - мен бир жаш баладан таштандыны чыгарып коюсун сурангам. Башка эч кимге кайрылган эмесмин. Ошол үчүн эле мага каршы милицияга арыз жазышыптыр. Мага каршы 2-3 гана киши чыгып жатканын белгилей кетүү керек. Калгандары бул аянтчаны жасап бүтүүмдү каалап жатышат. Курулушка мен өз каражатымды сарптадым, биздин короо эң мыкты болушун каалайм.

Кикбоксер, ошондой эле кургап калган бактарды «Жашылдандыруу чарбасы» МИнын макулдугу менен кыйганын тактады.

Тактай кетсек, Kaktus.media редакциясына кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону Мирбек Сүйүнбаевдин кошуналары кайрылып, спортчу «балдар аянтчасын курганга жардам бербей жатасыңар» деп аларды ур-токмокко алып жатканын айтышкан. Мындан сырткары, алардын айтымында Сүйүнбаев үйдүн жанындагы бактарды кыйып, бул боюнча эскертүү кылган аялды оозго алгыс сөздөр менен тилдеп салган. Кошуналар спортчуну алдоо жолу менен бул аянтчаны курууга кол чогултуп алганын билдиришкен.

Белгиленгендей, спортчуга карата милицияга бир нече арыз түшкөн, бирок, азыркыга чейин кылмыш иши козголгон эмес.

 Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх