Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада полиция бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары кыргызстандыкты кафеден сыртка алып чыгып, ур-токмокко алган (видео)

РФдагы КРнын элчилиги бул окуя боюнча маалыматка ээ

Россиялык ЖМКлар документтерин көрсөтүүдөн баш тарткан Кыргызстандын жараны полиция кызматкеринин ур-токмогуна кабылганын жазышууда.
Социалдык тармакта полиция кызматкерлеринин эркек адамды кафеден сүйрөп чыгып, дубалга такап бутка тээп жатышкан видеосу пайда болгон.

Видео жарыяланган пабликтин маалыматына ылайык, окуя Ленинград базарында болуп өткөн, полиция кызматкерлери ал жерге «Мигрант» операциясынын алкагында барышкан.
«Жабырлануучу бетинен жаракат алган, - деп жазылган публикацияда. - Ал тартип сакчысына каршы жазган арызын полиция кызматкери өзү эле карап, чара көрүүсүз көз жаздымда калтырган.
Ошондой эле, ИИМБнүн жетекчисинин орун басарына карата жүргүзүлгөн текшерүү учурунда стажерлор гана суракка алынганы маалымдалды. Текшергендер бир дагы кызматкерден сурак алышкан эмес».

Ал ортодо Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Vesti.kg сайтына аталган факт боюнча маалымдалышканын билдиришти.

- Элчиге маалымат берилет, жыйынтыктар туурасында кийинчерээк айта алабыз, - дешти элчиликте.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх