Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттын уулу катышкан кандуу жол кырсыгы. BMW X7 автоунаасынын айдоочусунун күнөөсү аныкталды

Темирлан Токобеков ичинде болгон кроссовердин айдоочусу үй камагына алынды

ЖКтин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу катышкан кандуу жол кырсыгына BMW X7 автоунаасынын катуу ылдамдыкта келе жатканы себеп болгон. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облусунун ИИБнын басма сөз кызматында билдиришти.

Маалым болгондой, экспертиза Абжалиевдин уулу бараткан BMW Х7 автоунаасы катуу ылдамдыкта бара жатканын аныктаган.

- Кырсыкка ушул себеп болгон, - деп такташты ИИБда. - Азыр бул иш боюнча тергөө уланууда.

Милицияда экспертизанын жыйынтыгы менен BMW унаасынын айдоочусу Элдияр Халмурзаев шектүү статусунан айыпталуучуга айланганын кошумчалашты. Буга байланыштуу ал кармалып, бирок, Каракол шаардык соту тарабынан үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, кырсык үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда Чолпон-Ата шаарындагы «Газпром» дене тарбия жана ден-соолукту чыңдоочу комплексинин маңдайында болуп өткөн. Анда Lexus ЕS330 жана BMW X7 эки автоунаасы сүзүшүп, 4 адамдын өмүрү кыйылган.

BMW Х7 автоунаасында парламент мүчөсү Алиярбек Абжалиевдин уулу - Бишкек шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобеков болгон.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх