Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Манас аэропортунда жансыз денеси табылган адамды өлтүргөн кылмышкер кармалды деген маалымат бар

 Такталбаган маалыматтарга ылайык, кармалган адам буга чейин бир нече ирет соттолгон

Бишкекте «Манас» аэропортунун унаа токточуу жайында токтотулган автоунаанын багажынан жансыз денеси табылган курьерди өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өздүк булактар маалымдады.

Такталбаган маалыматка ылайык, шектүү өткөн жума күнү эле - 25-октябрда кармалган. Ал буга чейин бир нече жолу - зордуктоо жана башка кылмыштар боюнча соттолгон.

Кылмыш 18-октябрда жасалганы айтылууда. Шектүү такси айдоочусу болуп эмгектенген.

ИИМнин басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына резонанс жараткан бул кылмышка шектүүнүн кармалганын азырынча ырастаган да четке каккан дагы жок.

Эске салсак, буга чейин дайыны жок болуп жаткан К.Х. аттуу адамдын жансыз денеси үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында табылган. Маркум экиз түгөйү менен чогуу Түркияга акча жеткирип иштегени айтылган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх