Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте алдамчы «курьермин» деп кичинекей кызды алдап, акчасын алып кетип калган (фото)

Алдамчы ишенчээк кыз эшигин ачкыча, ар бир батирдин коңгуроосун басып чыккан

Бишкекте алдамчы адам наристеден акча уурдап кеткен. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына окурман кабарлады. Белгилүү болгондой, окуя борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.

- Биз «Дордой Плаза» соода борбору жакта жашайбыз, - деди окурман. - 28-октябрда дарыканадан дары алып келе турган курьерди күтүп жатканбыз. Белгисиз бирөө эшикти черткен, чоңдор бош эмес болгондуктан биздин кызыбыз эшикти ачып, курьер экен деп 1500 сомду берип койгон. Тигил дарыны алып келе калам деп, кетип калган.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, көз боемочу үйдүн кабаттарын кыдырып, ар бир батирдин эшигин тыкылдатып, жумуш сураган.

- Бул адамды тааныгандардан сураныч, акчаны кайтары берүүсүн айтып коюңуздар. - Баланын дарысына деген акча болчу. Болбосо биз милицияга кайрылабыз.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх