Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Утка болуп иштейм. Бишкекте жаш жигит айдоочунун документтерин талап кылып, өзүн «штаттан сырткаркы кызматкер» деп тааныштырган (видео)

Тасманын «каарманынын» милицияга тиешеси жоктугу аныкталган. Ал азыр сурак берүүдө

Бишкекте жаш жигит өзүн милициянын штаттан сырткаркы кызматкери деп тааныштырып, айдоочудан документтерин талап кылган.

Эркек адам Ленин РИИБде «утка» болуп иштейм деген жаш жигитти видеого тартып алган. Ал ыкчам кызматкердин штаттан сырткаркы жардамчысы болуп эмгектенерин кошумчалаган.

Ал ортодо Ленин РИИБ Vesti.kg сайтына видеонун «каарманы» аталган райондук башкармалыкта иштебейт экенин жана милицияга эч кандай тиешеси жоктугун маалымдады.

- Азыр ал сурак берүүдө, - дешти РИИБда.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх