Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жолтандабас тебелеп көз жумган наристенин денесин ата-энеси моргдон экспертизасыз алып кете алышты

Бүгүн наристенин сөөгү жерге берилди

Бишкекте жолтандабастын дөңгөлөктөрүнүн астында калып көз жумган наристенин ата-энесине баласынын денесин моргдон беришти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына каза тапкан баланын тууганы Мээрим Борошева маалымдады.

Анын айтымында алар наристенин денеси кечээ кечинде алып кетишкен. Экспертиза кылынган жок. Бүгүн баланын сөгөгү жерге берилди.
Эске салсак, кечээ наристенин ата-энеси чүрпөсүнүн сөөгүн моргдон алып кете албай жатышканы айтылган. Милиция баланын денесин союп, экспертиза кылыш керектигин айтып, ал эми наристенин ата-энеси диний көз караштарынан улам буга каршы болушкан.

Үч жаштагы бала көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунунан жолтандабастын дөңгөлөктөрүнүн астында калган. Ал КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, бирок, алган жаракаттарынан эсине келбей чарчап калган.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх