Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жолтандабас тебелеп кетип көз жумган наристенин денесин ата-энеси моргдон ала албай жатат

Милиция денесин союп текшерүү керектигин айтууда. Баланын ата-энеси диний кө караштарынан улам буга каршы

Жолтандабас тебелеп кетип көз жумган наристенин денесин ата-энеси өлүкканадан ала албай жатат. Бул тууралу Vesti.kg сайтына көз жумган баланын тууганы Мээрим Борошева маалымдады.
Анын айтымында, наристенин ата-энеси диний көз караштарынан улам баласынын денесин союга каршы чыгышууда.
- Биз аны алып кетип, салтыбызга ылайык жерге берелик деп жатабыз, - деди ал. - Бирок, милиция денесин союш керек деп бербей жатат. Ал 3 гана жашта эле. Анын үстүнө айдоочуга биздин дооматыбыз жок. Бирок, укук коргоо органдары бизди бири-бирине айдап, айлабызды кетирүүдө. Прокуратура ЖКККББга, алар ШИИБге жөнөтүп жатышат.
Эске салсак, Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда 3 жаштагы баланы унаа коюп кетип, бала чарчап калган.

Кечээ, 3-ноябрда болжол менен 16:00дө Бишкектин ШИИБнын «102» кызматына Абая көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн короосунун биринен «Тойота Секвойя» үлгүсүндөгү автоунаа жаш баланы коюп кеткени тууралуу кабар түшкөн. Наристе КРнын Улуттук госпиталынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, бирок, алган жаракаттарынан улам эсине келбестен чарчап калган.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх