Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Матраимовдор боюнча иликтөөдө аты аталган ишкер Айэркен Саймаити киши колдуу каза болду

Аны Стамбулдагы мейманканалардын биринен атып кетишкен

«Азаттык» радиосунун Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондогон долларлар туурасындагы иликтөөдө аты аталган ишкер Айэркен Саймаити киши колдуу болуп каза болду. Бул тууралуу TRT HABER маалымдады.
ЖМКлардын маалыматтарына ылайык, кечээ 10-ноябрда Стамбулдун Фатих районунда жайгашкан мейманканада белгисиз адам Саймаитиге ок чыгарган. Ал оор абалда ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан улам көз жумган.

Эске салсак, «Азаттык» радиосу журналист Али Токтакуновдун Кыргызстандан Баткендеги кыргыз-кытай базарына ээлик кылган «Абдыраз» фирмасы аркылуу 700 млн доллар жана алтындын чыгарылып кетиши туурасындагы иликтөөсүн жарыялаган. Кийинчерээк Айэркин Саймаити аттуу жиберүүчүлөрдүн бири кийин Түркиядан Матраимовдордун «Исмаил Ата» фондунун эсебине 2 млн 338 миң 700 доллар которгону иликтөөдө айтылган.
Иликтөөгө ылайык, акчанын башка бөлүгүн жүк ташуучу «Тарим Транс» компаниянын негиздөөчүсү Xinjiang Abu-Sahiy import and export trade кытай компаниясынын эсебине которуп, ал эми Матраимовдордун үй-бүлөсү «Тарим Транс» компаниясына камкордук кылып келген.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх