Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте эки олдоксон бала- уурулар видеого түшүп калышкан (видео)

Уурдап алган самокаттарын тээп кетмекчи болгон алар бир нече метрден кийин эле тоголонуп, жыгылып түшүшкөн

Бишкектик айым балдарынын самокаттарын уурдап кеткен эки жаш баланы издөөдө. Короодогу байкоо камераларынан алынган видеону ал социалдык тармактарга жүктөгөн. 

«5-ноябрда саат 16:30да беш жашар балдарымдын эки кымбат жаңы самокаттарын уурдап кеткен уяты жок, абийирсиз ууруларга кайрылам, - дейт билдирүүнүн автору. - Кенебестен подъездге киришиптир! Таппайт деп ойлоп жатасыңарбы? Жердин бардыгында камералар карап турат!

Биздин самокаттарды тээп алып, кайда кыдырып жүрдүңөр - менде бардыгы видеодо бар! Бетиңер дапдаана көрүнүп турат! Үмөталиев көчөсү менен барткаңынар, андан кийин Токтогул көчөсүнө бурулганыңар, айтор, бардык жолуңар видеодо алаканга салынгандай. Imal соода борборун кыдырып, ал жерден эмне кылып жүргөнүңөрдү да жакшы билем.

Эгерде өзүңөр сыйыңар менен кайтарып бербесеңер, бардык материалдарды милицияга өткөрүп берем, алар силерди бат эле табышат! Жакшы тааныштар бар, кудайга шүгүр! Акыркы мүмкүнчүлүк силерге! Балдарымдын самокаттарын кайтарып бергиле!!!

Болбосо беттериңерди бул жерге да чыгарам!».

 

 

 Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх