Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен облусунун прокурору унаасынын айнектерин мыйзамсыз караңгылатып алганбы? (видео)

 Көзөмөл органында Абдибакыт Халмурзаев айдап жүргөн автоунаанын алдыңкы айнектери караңгыталбаганын айтып ишендиришти

Баткен облусунун прокурорунун алдыңкы терезелери караңгылатылган кызматтык унаасын видеого тартып алышкан. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Нурзазы Жаныбеков билдирди.

«Бул Баткен облусунун прокурору А. Халмурзаевдин кызматтык унаасы. Мына мыйзам бузуу кайсыл жерде башталып жатат. Карангылатылган терезелер мыйзам боюнча мамлекеттик кызматтык унааларга уруксат берилбейт»,- деп жазылган видеонун алдында.

Vesti.kg сайты Халмурзаев менен пикир алуу үчүн байланышууга аракет кылып, бирок, мындан майнап чыккан жок.

Ал ортодо облустук прокурордун жардамчысы Дильмухаммед Ташкожоев бир нече жолу телефонун коюп салып, акыры Vesti.kg сайтынын чалуусуна жооп берип, Халмурзаевдин унаасынын айнектери караңгылатылбаганын айтты.

- Ал жерде тонировка жок экени көрүнүп турбайбы, - деди Ташкожоев. - Халмурзаевдин унаасынын айнектери караңгылатылган эмес. Видеону көрсөңөр, тонировка жок.

Эске салсак, Кыргызстанда айдоочуларга алдыңкы капталдагы айнектерди караңгылатууга тыюу салынган. Тыюу мамлекет башчыга, премьер-министр, парламенттин спикери, УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлерине жана «Кыргыз инкассациясы» ЖАКнун унааларына жайылтылбайт.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх