Бишкектин чок ортосунда заара ушаткан маршруттук таксинин айдоочусу жумуштан бошотулду
Мэрия маршруттук каттамдардын башка айдоочуларына кесиптешинин жоругу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү
Жолдо заара ушаткан маршруттук таксинин айдоочусу жумуштан алынды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, тез арада териштирүү үчүн «Денвер» ташуучу компаниясынын жетекчиси чакырылган.
- Анын жыйынтыгында № 265 - кичи автобустук каттамынын B1924A мамлекеттик номурлуу унаанын айдоочусу С.К. "Денвер«» ЖЧКнын буйругу менен кызматынан бошотулду, - деп такташты шаардык муниципалитетте.
Мындан сырткары, бардык транспорт ишканаларына жумушчуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги тууралуу билдирме берилди.
Эске салсак, бишкектик № 265- маршруттук таксинин айдоочусу салондон чыкпай туруп, унаанын эшигин ачып заара ушаткан. Окуянын видеосу Instagram социалдык тармагында жарыяланган.
Маалым болгондой, аталган окуя бүгүн эртең менен Ахунбаев жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Гулиза Чудубаева
Фото www