Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалдагы үрөй учурган мушташ. Мыкаачы ага-ини СИЗОго дагы эки айга калтырылды

Мындай чечимди кечээ Свердлов райондук соту чыгарды

Жал микрорайонунда эки жаранды аёосуз сабаган ага-ининин баш коргоо чарасы узартылып, үстүбүздөгү жылдын 31-мартына чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ЖАМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Мындай чечимди кечээ Свердлов райондук соту чыгарган.

Камалган Жаныбек Бапышов жана Калысбек Сейитбеков тергөө амалдары аяктагыча Бишкектеги СИЗО-1де кармалышат.

Эске салсак, үрөй учурган мушташ 2019-жылдын 28-августунда орун алган. Аталган факт Ленин районунун ИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, 138-берене (денесине оор залал келтирүү) жана 266-берене (бейбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх