Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бирге бир чыгасыңбы?!» Октябрь РИИБде эркек милиция кызматкерин мушташка чакырды (видео)

Патрулдук милициянын кызматкери чакыруудан качкан жок

Бишкектин Октябрь РИИБде мас абалындагы адам патрулдук милициянын кызматкерин мушташканга чакырган видеосу интернет айдыңында тараган.

Маалым болгондой, 29-январда Бишкектин кафелеринин биринде эркек киши 20 жаштагы жигитти ур-токмокко алган. Окуя болгон жерге патрулдук милициянын кызматкерлери келип, кол салган адамды Октябрь районунун ИИБна жеткирген. Ал жерден дагы мас бейбаштыгын токтотпой, милиция кызматкерлеринин бирин «беттешке» да чакырып жиберген.

Патрулдук милициянын кызматкери «бирге бир» чыгууга макул болуп, бирок, чыр эмне менен аяктаганы ошол бойдон белгисиз.

Октябрь РИИБи окуянын чоо-жайын кийинчерээк маалымдашарын Vesti.kg сайтына убадалашты.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх