Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ат-Башыда тез жардам кызматкери төрөп, ымыркайын чоочун үйгө таштап кеткен

Үйүнүн терезесин бирөө черткенин уккан үйдүн ээлери эишкке чыгып, кутуда жаткан наристени көрүшкөн

Ат-Башы районунда аял төрөп, ымыркайын чоочун үйгө таштап кеткен. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Нарын облусунун ИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, өткөн жылдын 6-декабрында милицияга Ат-Башы айылынын жашоочусунан арыз түшүп, анда ал туугандарынын үйүнө белгисиз адамдар жаңы туулган наристени таштап кетишкенин жазган.

Кимдир бирөөлөр арыз берүүчүнүн үйүнүн терезесин чертишкен, алар эшикке чыгып, бирок, эч кимки көрүшкөн эмес. Наристенин ыйлаган үнүн угуп, жуурканга оролуп, кагаз кутуга салынган ымыркайды табышкан.

Үйдүн ээлери милиция кабарлашып, алар баланы төрөтканага жетикиришкен. Дарыгерлер ымыркай алты сааттай мурда төрөлгөнүн аныкташкан, салмагы - 3 кг 500 гр., бою - 51 см түзгөн. Наристе үй шартында төрөлгөнү аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө баланы төрөгөн аялдын аты-жөнү такталган. Ал Ат-Башы районунун тез жардам кызматында фельдшер болуп эмгектенген 44 жаштагы Т. кызы К. экени белгилүү болгон.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх