Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Финпол» «Гранд Строй Инвест» компаниясынын директору Данияр Хайдаровго издөө салды

 Курулуш компаниясынын башчысы Бишкекте салына турган жаңы үйлөр үчүн жарандардан акча алып качып кеткен

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы «Гранд Строй Инвест» ЖЧКсынын директору Данияр Хайдаровго карата Бишкек шаарында турак жай курууда жана пайдаланууга берүүдө алдамчылык кылганы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жаран жарандардын ишеничине кирүү менен жаңы курулчу үйлөрдөн батир берүүнү убадалап, алардын жер тилкелерин жана акчалай каражаттарын алып, бирок, убадасын аткарбай изин жашырып кеткени аныкталган.

2029-жылдын декабрь айында сотко чейинки өндүрүш иштеринин жүрүшүндө Хайдаров кылмыш ишин жасагандыгы боюнча шек саналып жатканы тууралуу сыртынан маалымдалган.

Сот аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыяланган.


фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх