Кыргызстандык блогер аймак аралык кастыкты козутканы үчүн кармалды
Блогер Кыргызстандын айрым аймактарынын тургундары жөнүндө терс пикирлерин билдирген
Instagram социалдык тармагында Sydyman аты менен белгилүү болгон кыргызстандык блогер Элмир Сыдыманов Бишкек шаарынын Октябрь райондук РИИБне алынып келинди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, блогер аймак аралык кастыкты козуткан сөздөрү боюнча кармалган..
Буга чейин Sydyman Instagram социалдык тармагындагы баракчасынан Кыргызстандын айрым аймактарынын тургундары жөнүндө терс пикирлерин билдирген.
Кийинчерээк ал кыргызстандыктардан кечирим сураган видеосун жүктөгөн.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз