Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте ооруканада жаткан бейтап өзүнө бычак сайып көз жумду

Алдын ала маалыматтар боюнча ал ага чейин бөйрөгү ооруп, дарылар жардам бербей жатканын айткан

Чүй облустук ооруканасынын урология бөлүмүндө дарыланып жаткан бейтап, өзүнө бычак сайып көз жумду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек ШИИБ маалымдады.

Шаардык милициянын маалыматына ылайык, окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу барып, эркек кишинин сөөгүн табышкан.

«Аталган факт Свердлов районунун Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды»,- деп такташты ШИИБ.

Чүй облустук ооруканасынын директорунун орун басары Нуралы Матаипов Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы менен байланышуубузду суранып, комментарий берүүдөн баш тартты. Ал эми министрликтен кийинчерээк жооп бере алышарын билдиришти.

Жергиликтүү ЖМКлар маркум бөйрөктөрү ооруп, дарылар жардам бербей жатканын ага чейин айтканын жазып чыгышты.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх